LEX Юридикалык фирмасынын юристтери кантип кылмыш иштери токтотулушуна жетишип, күнөөсүз кардарын 7 жылга эркиндигинен ажыратуудан сакташкан

LEX Юридикалык фирмасы кардарын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүмү (“Саламаттыкка оор зыян келтирүү”) боюнча козголгон кылмыш ишинде сотто ийгиликтүү коргогон. Мамлекеттик айыптоочу 7 жылга эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарууну талап кылган, бирок биздин юристтер ишти толугу менен токтотууну камсыз кылышты.
Бул жетишкенди кантип камсыз кылдык?
1.Далилдерди анализдөө жана мыйзам бузуулардын аныкталышы
Иштин материалдарын кылдат изилдөөдөн кийин биздин адистер соттук-медициналык экспертизанын тууралыгы боюнча шек пайда болду. Аныктоолор көрсөткөндөй, экспертизанын бүтүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №33 токтомунун негизинде бекитилген “Саламаттыкка келтирилген зыяндын оордугун аныктоо эрежелерине” каршы келчү.
- Кайра экспертиза өткөрүү
LEX Юридикалык фирмасынын юристтери көз карандысыз профильдүү врачтарга кайрылышып, андан соң соттук-медициналык кайра экспертиза өткөрүү боюнча негиздүү өтүнүчтүн сунушун даярдашты. Сот өтүнүчтү канааттандырды, жана жаңы экспертиза саламаттыкка келтирилген зыяндын деңгээли аз экенин көрсөттү, бул айыптоону жумшак кылмыш беренесине өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берди.
- Сүйлөшүүлөр жана тынчтык орнотуу
Биз мында токтоп калган жокпуз! Жабыркаган тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздин адвокаттар тараптарды тынчтыкка келтирүүгө жетишти. Бул кылмыш ишин толугу менен токтотууга мүмкүндүк берди, жана биздин кардар сот залынан дароо бошотулду.
Жыйынтык:
LEX Юридикалык фирмасынын адистери кесипкөй жана туура юридикалык ыкма аркылуу акыйкат чечимге жетишип, кардарын 7 жылга эркиндигинен ажыратуудан сакташты.
Эгер сизге кылмыш жоопкерчилиги коркунучу жаралып жатса же сотто квалификациялуу коргоо керек болсо — LEX Юридикалык фирмасына кайрылыңыз! Биз сиздин укуктарыңызды коргоону жана эң мыкты натыйжага жетүүнү билебиз.